super.kg logo

Башкы прокуратура сабалган 6 жаштагы баланын окуясы боюнча текшерүү жүргүздү

 

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда жарыяланып жаткан "Алты жашар бала сабалып ооруканага жаткырылды" деген аталыштагы интернеттеги макала боюнча Башкы прокуратура текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Азыркы учурда баланын саламаттыгына келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иштин бардык жагдайларын тактоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетүүчү жагдай, жогорудагы жосун орун алган учурдан тартып ички иштер органдарынын тийиштүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" мыйзамынын талаптарын бузушуп жабырлануучу балага (мыйзамдуу өкүлүнө) убактылуу коргоо ордерин тапшырышкан эместиги аныкталган.

Убактылуу коргоо ордери милдеттүү тартипте, үй-бүлөлүк зомбулук жасоо фактысы белгиленген учурдан тартып жыйырма төрт сааттын ичинде берилет деп мыйзамда так көрсөтүлгөн.

Жогорудагылардын негизинде, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан жашы жете элек А.Р. мыйзам менен кепилденген укуктарынын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн, ошондой эле ден соолугуна жана өмүрүнө келтирилип жаткан коркунучту четтетүү максатында 2020-жылдын 24-ноябрында Башкы прокуратура тарабынан ички иштер министринин наамына мыйзам бузуучулукту четтетүү жөнүндө прокурордук сунуш келтирилди" , - деп жазылат маалыматта.

Окуянын чоо-жайы:

18-ноябрда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине 25 жаштагы келин кайрылган. Арыздануучу 33 жаштагы күйөөсүнө карата чара көрүүнү өтүнгөн. Айтымында, 18-ноябрга караган түнү жолдошу эч себепсиз эле 6 жашар баласынын денесине залал келтирген.

Аталган факты Октябрь РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 75-берене (үй-бүлөлүк зомбулук) менен катталып, иш андан кийин аймактык, тагыраагы Сокулук РИИБине өткөрүлүп берилген. Ал эми баланын алган жаракаттарынын деңгээлин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Кийин жабырлануучу жактын жактоочусу Шердор Абдыкапаров баланын апасы күйөөсүнө карата тосмо арыз жазып бергенин, баланы №3 ооруканадан 21-ноябрда таенеси чыгарып, Нарын облусунун Ат-Башы районуна алып кеткендигин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.11.2020. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Силер текшергенче кылмыш кылган адам үйүндө жамбаштап жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: