Маршруттук таксинин айдоочусун жемелеп, ур-тепкиге алган аял менен айдоочу милиция бөлүмүндө жолукту
23-ноябрда социалдык тармактарга маршруттук каттамдын айдоочусун жүргүнчү аял тепкилеп, уят сөздөр менен сөгүп жаткандагы видео жарыяланган.
Кийин маршруттук таксинин айдоочусун айда деп тепкилеген окуя Бишкек шаарындагы 193-маршруттук таксиде болгонун Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкен.
SUPER.KG порталы бул окуяга кабылган айдоочуну таап, аны менен баарлашкан. Айдоочу аны жемелеген аялга каршы арыз жазганын жана ал боюнча иш 25-ноябрда караларын айткан.
Бүгүн кайрадан №193 маршруттук таксинин айдоочусу Абдибаитов Залкарга байланышканыбызда, ал аял менен жолукканын айтты.
"Бүгүн Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына бардым. Ал жактан салондо чыр чыгарган баягы аял менен жолуктум. Көрсө, ал "Дордой" базарында соодагер болуп иштейт экен. Дагы деле кепке-сөзгө келбей жатат. Ал эми тергөөчү аялды мыйзамдын чегинде жазалайбыз деди. Экөөбүздү дагы чакырат экен", - дейт айдоочу.
SUPER.KG порталы окуя боюнча экинчи тараптын да оюн угуп, жарыялоого даяр.
кошулду
Жүргүнчү айдоочуга кол салды










1 |