super.kg logo

Вице-премьер шайлоодо административдик ресурсту пайдаланууга жол берилбеши керек экендигин айтты

 

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов административдик ресурсту пайдаланууга жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө басым жасоого жол берилбеши керек экендигин айтты. Бул туурасында ал президенттин мөөнөтүнөн мурда шайлоосун уюштуруу боюнча Республикалык штабдын Ош жана Жалал-Абад облустарында өткөн көчмө жыйынында билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.

Кеңешменин жүрүшүндө вице-премьер-министр Максат Мамытканов белгилегендей, Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте иш алып баруу чечими президентти шайлоо жүрүшүндө добуш берүүнүн ачык-айкындыгын камсыздоо иретинде кабыл алынган.

"Алдыдагы шайлоо максималдуу түрдө таза жана ачык-айкын өтүшү керек. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Аткаруу бийлигинин бардык бутактарынын күч-аракеттерин бириктирүү керек, анткени ар бир жарандын шайлоо укуктарын ишке ашыруу бизден көз каранды", - деди вице-премьер-министр.

Ал ошондой эле эгерде кандайдыр бир мыйзам бузуу болсо укук коргоо органдары токтоосуз аракеттерди көрүүсү шарт экенин кошумчалады.

Соңунда вице-премьер-министр шайлоону уюштуруу боюнча бекитилген пландын алкагында бир катар тапшырмаларды берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: