Бишкектеги "Ош" базарынын айланасында абанын булганычы нормадан жогору
Бүгүн, 26-ноябрда саат 9:30га карата Бишкектеги "Ош"базарынын айланасында абанын булганычы нормадан жогору. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.
Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганычын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.
Москва-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде учурдагы көрсөткүч - 44 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 162). Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.
Чыгыш-5 кичи району – 30 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 45).
Токтогул-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилиши – 59 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 190).
