Бишкекте Кыргыз-Казак маданий борбору ачылат

Маалыматка ылайык, маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков Казакстандын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарымдуу элчиси Кайрат Нурпеисовду кабыл алды.
"Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий кызматташуунун келечеги тууралуу баарлашты. Өз кезегинде элчи Кайрат Нурпеисов жакынкы аралыкта Кыргыз өлкөсүндө казак элинин көрүнүктүү акыны жана философу Абай Кунанбаев атындагы Кыргыз-Казак маданий борбору ачыла тургандыгын маалымдап, анын ачылыш аземин биргеликте уюштурууну сунуштады", - деп айтылат маалыматта.
Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар бул багытта эки тараптуу кызматташууну макулдашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:02
2025-09-03
19:32
2025-09-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.