super.kg logo

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, өздүк каражаттардын эсебинен жашоону үйрөнүү керек экендигин айтты

 

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучусу Артём Новиков өздүк каражаттардын эсебинен жашоону үйрөнүү керек экендигин айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Ички ресурстарды натыйжалуу пайдаланып, өздүк каражаттардын эсебинен жашоону үйрөнүшүбүз керек. Биз, Бюджет кодексине кийинки жылдын чыгымдары мурунку жылдын кирешесинен ашпашы керек деген норманы киргизишибиз керек. Бюджетти түзүүдөгү мамилени өзгөртүү зарыл. Бардык социалдык милдеттенмелер, мамлекеттик карызды төлөө жана бюджеттин корголгон беренелери боюнча башка чыгымдар салыктык түшүүлөрдүн эсебинен гана каржыланат. Тышкы жардам экономикалык өнүгүүгө гана багытталат жана кайтарым мүнөзгө ээ. Албетте кийинки жылы калкты иш менен камсыз кылуу өкмөттүн артыкчылыктуу багыты болуп саналат", - деди Новиков.

Өзгөчө көңүл экономиканы калыбына келтирүү жана аны туруктуу өнүктүрүүгө бурулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(1)
26.11.2020. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул баланы премер кылыш керек, милдетин аткаруучу эмес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: