super.kg logo

Кечээ Бишкекте Карамолдо Орозовдун чыгармаларын мыкты аткарган аткаруучулар тандалып алынды

 

Маданият жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстанда оркестр, элдик аспаптарда ойноочу ансамбль жана КРнын Эл артисттеринин арасында Карамолдо Орозовдун чыгармаларын мыкты аткарган аткаруучулар тандалып алынды. Кечээ күнү белгилүү комузчу Карамолдо Орозовдун 130 жылдыгына карата гала-концерт өтүп, мыктылар аныкталды. 1-орунга Т.Сатылганов атындагы филармониянын "Миң кыял" эл аспаптар оркестри  ээ болуп, биринчи даражадагы диплом жана 35 миң сом сыйлык менен сыйланды. Ал эми 2-орунду Бишкек мэриясынын алдындагы эл аспаптар оркестри алып, экинчи даражадагы диплом жана 30 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду. Ал эми 3-орунду Чүй облусунун "Сары-Өзөн" эл аспаптар оркестри менен Бишкек шаарынын "Устат-Шакир" фольклордук-этнографиялык ансамбли илип кетти. Буларга үчүнчү даражадагы дипломдор жана 10 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды. "Карамолдонун күүлөрү" номинациясында болсо баш байгени жеке аткаруучу Намазбек Уралиев жеңип, автоунаа минди. Аталган номинацияда 1-орунду Замирбек Дүйшөнбек уулу камсыз кылды (50 миң сом акчалай сыйлыкка да ээ болду). 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: