Башкы прокуратура Адахан Мадумаровдун БШК менен Садыр Жапаровго кайрылуусуна жооп берди
Башкы прокуратура президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун Москва шаарында мекендештер менен жолугуп жаткандагы видеосу боюнча материалды кароо үчүн БШКга жөнөтүп, жолугушууда үгүт иштеринин элементтери болгону белгиленген.
25-ноябрда "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери билдирүү таратып, бул кадамдарды өзүн шайлоо өнөктүгүнөн четтетүү катары сыпаттаган.
Бүгүн, 26-ноябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Мадумаровдун билдирүүсүнө жооп катары маалымат таратты. Анда Башкы прокуратура, Борбордук шайлоо комиссиясы жана башка укук коргоо органдарынын ортосунда шайлоо маалында орун алган мыйзам бузуулар боюнча ыкчам маалымат алмашууну камсыз кылуу максатында "Президентти жана Жогорку Кенештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга ылайык, координациялык ыкчам топтор түзүлүп, анын алкагында келип түшкөн кайрылуу жана билдирүүлөр, интернет тармагында жана социалдык түйүндөрдө жарыяланган макалалар боюнча мониторинг жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленген.
"19-ноябрда айрым интернет булактарында президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун Москва шаарында мигранттардын жана медия тармактарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен болуп өткөн басма сөз жыйыны жарыяланган.
"Прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө" мыйзамдын жана "президентти жана жогорку кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамдын талаптарына ылайык, аталган макала 23-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлгөн.
Ал эми Башкы прокуратура тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясынан бул маселеге тиешелүү башка кандайдыр бир материалдар суралган эмес.
Ошондой эле, 25-ноябрда жогорудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык президенттикке талапкер Имамидин Ташовдун журналисттер менен жолугушуу маалында анын алдыдагы иштери жана максаттары тууралуу интернет тармактарында жарыяланган макалалар да Борбордук шайлоо комиссиясына кароо үчүн жөнөтүлгөн.
Прокуратура органдары Конституцияда белгиленген ыйгарым укуктарынын негизинде шайлоо процесстеринин ар бир катышуучусун шайлоо мыйзамдарынын талаптарын бузулушуна жол бербөөгө чакырат", - деп айтылат маалыматта.






1 |