Эльвира Сурабалдиева: "Кампаларда 2 айга жете тургандай дары-дармектер бар"
Коронавирус илдетине каршы күрөшүүдө кампаларда 2 айга жетчүдөй дары-дармектер бар. Бул тууралуу брифингде вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева билдирди.
"235 миллион сомго медициналык дары-дармектер сатылып алынды. Алар билдирмелерге жараша аймактарга таратылып берилип турат. Биздин өлкөгө дары-дармектер тыштан ташылып келет. Фармацевтикалык кампаларда 2 айга жете тургандай дары-дармек бар экендигине кепилдик бере алабыз.
Мындан сырткары коронавирус илдетин дарылоо протоколу дүйнө жүзү боюнча бирдей. Мындан улам айрым дары-дармектерге болгон тартыштык бар. Бирок 14 позиция боюнча кампаларда алардын ордун алмаштырган дарылар бар экендигин билдирем", - деди Эльвира Сурабалдиева.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-08-01

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
asyl1998

26.11.2020. 12:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Эмне учун мамлекеттик кызматтарга аялдарды аз алып келип жатасынар. Бизде баардын тен болуш керек. Ич куйдулук кылбай жогорку кызматка аял кишилерди кобуроок дайындалса дис баланс сакталат
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.