Темирлан Султанбеков кайсы кызматка барды? Жунушалиев менен Опумбаевдин жоопкерчилигин кароо талабы коюлду. Күн ичинде саясатта орун алган окуялар бир шилтемеде
Бүгүн, 26-ноябрь. Күн сайын өлкөдө ар кандай окуялар орун алат. Алардын катарында саясий окуялар дагы бар. Кыргыз мамлекетинде алдыда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун өтүшү күтүлүүдө, Конституциянын жаңы редакциясы талкууга алынууда. Бир күндө кандай саясий окуялар болду? SUPER.KG порталы урунттуу саясий кабарлардын топтомун сунуш кылат.
Темирлан Султанбеков кайсы кызматка барды?
Парламенттик шайлоодо "Социал демократтар" партиясы менен депутаттыкка аттанган Темирлан Султанбеков жаңы кызматка келди. Жаш саясатчынын кайсы кызматка барганы көпчүлүккө кызык болсо керек. Анткени 22 жаштагы Темирлан Султанбеков шайлоого карата дебаттар учурунда өзүнүн бийликке болгон сын көз карашын ачык айтканы менен көптөрдүн көңүлүн бурган. Ал 10-октябрда Бишкектеги башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалып, кайра бир нече күндөн кийин үй камагына чыккан. Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев социалдык тармактагы баракчасына Темирлан Султанбеков анын кеңешчиси болгонун жарыялады.

- Кыргыз тили Кыргыз Республикасында мамлекеттик тил болуп саналат.
- Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили колдонулат.
- Кыргыз Республикасы Кыргыз элин түзгөн бардык этностордун өкүлдөрүнө эне тилин сактоо, аны окуп-үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугуна кепилдик берет.
Депутат күч органдарынын мурдагы жетекчилерин жоопкерчиликке тартууну сунуш кылды
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Карамат Орозова октябрь окуяларында ИИМдин жана УКМКнын мурдагы жетекчилери ишин таштап, качып кеткенин сынга алды.
8-октябрда Курсан Асанов маалымат жыйын өткөрүп, Кашкар Жунушалиевдин качып кеткенин билдирген.
Ноябрдын башында маалымат жыйын уюштурган башкы прокурор Курманкул Зулушев УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев менен мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин кайда экени бүгүнкү күнгө чейин белгисиз экенин айткан.
Газдын баасын рублга же сомго которуу талабы айтылды
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сагындык Келдибаев газдын баасын рублга же сомго которуу маселесин тез арада карап чыгуу керек экендигин айтты.
Ушул жылдын апрель айында "Газпром-Кыргызстан" компаниясы доллардын көтөрүлүшүнө байланыштуу жаратылыш газынын калкка жана ишкана-уюмдарга сатыла турган баасы жогорулаганын жарыялаган. Ошол кездеги вице-премьер-министр Эркин Асрандиев ЕАЭБдин алкагында газ менен мунайдын баасын долларга байлабай, улуттук валютада эсеп-кысап жүргүзүү боюнча маселе коюлганын айткан.
Конституциялык кеңешменин курамы кеңейтилди
Конституциялык кеңешменин курамына 10 адам кошулду. Конституциялык кеңешменин ишине катышууну каалагандар көбөйгөндүгүнө байланыштуу жана конституциялык реформаны ишке ашырууда бардык тараптын пикирин эске алуу максатында анын курамы өзгөртүлүп, анын курамы кеңейтилди. Тийиштүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кол койду. Канат Керезбеков үй-бүлөлүк жагдайына байланыштуу кеңешменин курамынан чыгарылды.
- Чолпонбек Абыкеев - коомдук ишмер;
- Мурат Укушев - көз карандысыз эксперт, конституционалист;
- Алмамбет Шыкмаматов - Жогорку Кеңештин экс-депутаты;
- Толекан Исмаилова - "Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо уюмунун директору;
- Мурат Карыпов - тобокелдиктерди жана кырсыктарды алдын алуу боюнча эксперт, "Плюрализм" гезитинин редактору;
- Айдарбек Мамбеткадыров - көз карандысыз эксперт-юрист;
- Асел Абакирова - юридика илимдеринин кандитаты, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин конституциялык жана административдик укук кафедрасынын доценти;
- Кантемир Мурзабеков - Жогорку Кеңештин экс-депутаты;
- Муратбек Иманкулов - Кыргыз билим берүү академиясынын билим берүү жаатында социалдык-гуманитардык көйгөйлөр лабораториясынын башчысы;
- Таалайбек Шамурзаев - Б. Ельцин атындагы КРСУнун Жазык процесси жана криминалистика кафедрасынын башчысы, профессор, юридика илимдеринин доктору.
Эске салсак, 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. 3 күндөн президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун буйругу менен Конституциялык кеңешме түзүлүп, ошол күнү алар ишке киришкен.
Конституциялык кеңешме конституциялык түзүлүштүн концепциясын, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери, мамлекеттик бийликтин системи, мамлекеттик бийлик бутактарынын ортосундагы ыйгарым укуктарды оптималдаштыруу жана чектөө, ошондой эле башка маселелер боюнча талкуу жүргүзөт.
Талкуунун жыйынтыгында Конституциялык кеңешме Жогорку Кеңешке "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча сунуштарды киргизет.
25-ноябрда күн ичинде саясат айдыңында орун алган урунттуу окуялардын топтому менен бул шилтемени басып таанышыңыз.
кошулду

