Жалал-Абадда 7 адамга "Ардактуу атуул" наамы ыйгарылды






Бүгүн, 26-ноябрда Жалал-Абад шаарында ар тармакта эмгеги сиңген 7 адамга "Ардактуу атуул" наамы жана төш белгилери ыйгарылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы Адилбек Жоробаев, мэрдин милдетин аткаруучу Нуртилек Орозбаев жана бир катар жергиликтүү эл өкүлдөрү катышты.
"Ардактуу атуул" наамын алгандар:
Турдали Аманов - СССРдин спорт чебери, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоонун отличниги;
Санжарбек Берикбаев - Кыргыз Республикасынын спорт чебери, мыкты машыктыруучу, маданияттын мыкты кызматкери;
Суюнбай Жоробаев - СССРдин кайра иштетүү жана өнөр-жай ишканаларынын мыкты кызматкери;
Абдыманап Маташимов - Жалал-Абад шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы;
Жумагүл Эгембердиева - Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн отличниги, Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун отличниги.
Мындан тышкары бул наамга Ооган согушунун ардагери Абдиллла Арапбаев жана Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Орозали Сартбаев татыды", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-08-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.