super.kg logo

Ошто унаа уурдоого шектелип 18 жаштагы жаран кармалды. Анын үйүнөн издөөдө жүргөн дагы бир машина табылган

 

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 24-ноябрда унаа уурдоого шектүү катары 18 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү 3-ноябрдан 4-ноябрга караган түнү Ош шаарынын тургунуна таандык Хонда-Фит үлгүсүндөгү унаа уурдап, сатууга үлгүрбөй калган. Анткени, ал шаар кыдырып жүрүп, жол кырсыгына кабылып, машинаны ошол жерге таштап кетип калган.

"Шектүүнү кармоо учурунда ал жашаган үйдөн дагы бир Ош шаарынан уурдалган, издөөдө болгон Hyundai Avante үлгүсүндөгү унаа табылган. Эки машина ээлерине кайтарылып берилген. Ал эми кылмышка шектүү Х.Ю. үстүнөн автоунааны уурдоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Шектүү мурда да авто машиналарды уурдагандыгы жана башка уурулуктарды жасагандыгы үчүн соттолгон. Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу текшерилүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
26.11.2020. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
18 жашка эми чыгып уурулукту кайдан үйрөнгөн экен, демек буга үйрөткөн чоңураак бирөө бар ошону кошо кармаш керек! Ата- энеси үйдө турган машинага маани бербегени таң калтырат, кимдики кайдан келди деп сурашпайбы, ушундай учурда ата -энеде күнөө көбүрөөк!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: