Унаасынын кубатын сынап машинасын тепкичтин үстүнөн айдаган айдоочу милиция бөлүмүнө алып келинди
Тепкичтерди автоунаасы менен талкалай айдаган жаран тергөөгө алып келинди. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 26-ноябрда социалдык түйүндөрдө Ош шаарында унаасы менен тепкичти талкалай айдаган айдоочунун видеосу тараган.
Маалыматка ылайык, аталган жарандын аты-жөнү аныкталып, бейбаштык жасагандыгы үчүн Ош ШИИБинин тергөө кызматына алып келинди.
"Учурда иликтөө иштери башталды. Алып келинген айдоочу 33 жаштагы Ш.С. аттуу мурдагы ички иштер органынын кызматкери болгон. Акыркы жолу Ош облустук ички иштер башкармалыгында иштеп, 2016-жылы кызматтан кеткен.
Ал Гранд-Чероки үлгүсүндөгү унаа менен адамдар чыгуучу тепкичтерди талкалай айдап, коомго жат көрүнүштү жасаган. Тергөө кызматы окуяны иликтеп көрүп, тиешелүү жыйынтык чыгарат", - деп жазылат маалыматта.
Учурда келтирилген чыгымдар эсептелүүдө.
Эскертүү: видеодо сөгүнгөн сөздөр бар.
кошулду
Ошто тепкичти талкалай айдаган айдоочу








1 |