super.kg logo
  Спорт  

Диего Марадонанын урматына "Сан-Паоло" стадиону оюн болбосо дагы күйгүзүлдү

 
"Сан-Паоло" стадиону түнү менен өчүрүлгөн эмес.
"Бомбонера" стадиону. Диего Марадона отуруп футбол көргөн VIP бөлмө.
"Бомбонера" стадиону.

Футбол тарыхындагы эң мыкты оюнчулардын бири, аргентиналык футболчу Диего Марадонанын урматына Италиянын "Наполи" футболдук клубунун "Сан-Паоло" аттуу стадиону оюн болбосо дагы күйгүзүлдү. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 55 миң киши бата турган "Сан-Паоло" стадиону 26-ноябрга караган түнү түнү менен күйүп турган. Мындан тышкары, Аргентинанын эң күчтүү делинген "Бока Хуниорс" футболдук клубунун 54 миң киши бата турган "Бомбонера" стадионунун Диего Марадона отуруп футбол көргөн VIP бөлмөсү түнү менен күйгүзүлгөн.

Диего Марадона кечээ, 25-ноябрда Буэнос-Айрес шаарындагы үйүндө кокусунан жүрөгү токтоп калып каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: