Прокуратура: "Баасы 3 миллион 500 миң сомдон ашык болгон 4,45 гектар жер аянты муниципалдык менчикке кайтарылды"
Аксы райондук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз берилип кеткен жер аянттарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында мурда негизсиз берилип кеткен 4,45 гектар жер аянты муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
"Кербен шаарынын мэриясы тарабынан 2006-2012-жылдар аралыгында жергиликтүү тургундарга трансформациядан чыкпаган айыл чарба багытындагы 4,45 га жер аянттары жеке турак-жай куруу үчүн берилип кеткендиги такталган.
Аксы райондук прокуратурасы тарабынан негизсиз чыгарылган токтомдорду жана мамлекеттик актыларды жараксыз деп табуу жөнүндө сотко келтирилген доо арыздар сот тарабынан толугу менен канааттандырылгандыктан 3 миллион 586 миң 200 сомго бааланган жер аянттары муниципалдык менчикке кайтарылып, Кербен шаардык мэриясынын балансына кабыл алынды", - деп жазылат маалыматта.

