super.kg logo

Улуттук банк кайрадан интервенция жасады. Бул жолу 5 миллион 800 миң доллар сатыкка чыкты

 

Бүгүн, 26-ноябрда Улуттук банк 2020-жылдын башынан бери 22-чи жолу интервенция жасады.

Ага ылайык, валюта базарына 5 миллион 800 миң доллар сатыкка чыгарган.

2020-жылдын ноябрь айында Улуттук банк 17 миллион 350 миң доллар сатты. Ошону менен бир айдын ичинде 9 жолу интервенция жасалды.

24-ноябрда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов сомдун курсуна ички экономикалык абал таасирин тийгизип жатканын айткан.

Бүгүн, 26-ноябрга карата АКШ долларынын улуттук валютага болгон баасы сатып алууда 84 сом 74 тыйын, ал эми сатууда 84 сом 09 тыйынды түзгөн. Улуттук банктын расмий сайтында доллардын баасы 84 сом 80 тыйын деп көрсөтүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: