Өлкө боюнча кадимки режимде 1 миң 606 мектеп окуп жатат. Ал эми ЖОЖдор качан ачылат? Министрдин жообу
Өлкө боюнча жалпысынан 1 миң 606 мектепте окуу процесси салттуу түрдө, жай турмуштук форматта өтүп жатат. Бул тууралуу кечээ, 26-ноябрда түз эфирде Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди.
"Бүгүнкү күндө салттуу түрдөгү окууга акырындан кайтып баштадык. Өлкө боюнча мамлекеттик 2 миң 151 мектеп бар. Анын ичинен оффлайн, жай турмуштук форматта 1606 мектеп окуп жатат. Булардын көбү аймактардагы мектептер. Ал эми окуу форматы онлайн түрдө өтүп жаткан мектептердин саны 544 болуп эсептелет. Бул мектептер эпидемиологиялык абал туруксуз болгон аймактарда жайгашкан. Аларга Бишкек шаары, Ош облусунун Өзгөн району, Араван району, Ош шаарлары кирет" , - деди министр.
Мындан тышкары министр "ЖОЖдордогу окутуу кандай болот?" деген суроого жооп берди.
"Ошол эле көрүнүш жогорку окуу жайлар үчүн экинчи семестр үчүн каралып жатат. Билим берүү министрлиги жай форматтагы окуутууга кайра кайтуу үчүн өзүбүздүн алгоритмди иштеп бүттүк. Биринчи күндөн баштап, ал алгоритм менен жалпы окуучуларды, студенттерди тааныштырабыз" , - дейт Алмазбек Бейшеналиев.

