Министр: "Мугалимдердин кагаз иштери 50 пайызга чейин кыскартылды"
Мугалимдердин кагаз иштери 50 пайызга чейин кыскартылды. Бул тууралуу кечээ, 26-ноябрда билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди.
"Бир ай мурда мугалимдерге көбүнчө чыгармачылык изденүүгө жана окуу процесси менен кеңири иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүү үчүн иш кагаздарын азайтуу боюнча маселе көтөргөнбүз. Бул маселе жыйынтыкталып бүттү. Жумушчу тобу ишин көрсөттү. 30-ноябрда бул боюнча жобо бекийт. Ал эми 1-декабрдан баштап мугалимдердин жазып жаткан документтери 40тан 50 пайызга чейин кыскартылды. Декабрь айынан баштап бул боюнча жобо күчүнө кирет", - деди министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:35
2025-08-01

10:58
2025-08-01
8:16
2025-08-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.