"Бала бакчалар качан ачылат?" Билим берүү жана илим министринин жообу

26-ноябрда Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев түз эфирде жарандардын суроолоруна жооп берди.
Министрге эң көп берилген суроолор онлайн жана оффлайн форматтагы окуу процессине байланыштуу болду.
Алардын арасынан "Бала бакчалар качан иштеп баштайт?" деген суроого министр төмөндөгүдөй жооп берди.
"Азыркы күндө 1 миң 616 бала бакчадан 168 гана бала бакча иштеп жатат. Булардын көбүнчөсү, алсак, 134тү жеке менчик бала бакчалар. Калгандарын ачуу боюнча алгоритмдерди даярдадык. Коронавирус боюнча кырдаал азыр турукташып бара жатат. Абал жакшыраары менен Саламаттыкты сактоо министрлиги менен сүйлөшүп, ачып баштайбыз" , - дейт Бейшеналиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.