"Кол тамгалардын саны кыскарбайт". БШК 30 миң адамдан кол топтоо боюнча айрым талапкерлердин кайрылуусуна жооп берди

Кечээ, 26-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында президенттикке талапкерлердин колдоочулардан 30 миңден кем эмес кол тамгасын топтоо боюнча маселеси каралды.
Аталган маселе БШК жыйынынын күн тартибинде президенттикке талапкер болгон, Равшан Жээнбеков, Садык Шер-Нияз, Бектур Асанов, Токтайым Үмөталиева, Кубанычбек Исабеков, Курсан Асанов, Клара Сооронкулованын кайрылууларынын негизинде каралды.
Жыйынга БШК мүчөлөрү, жумушчу топтун мүчөлөрү жана кайрылуу жасаган талапкерлердин өкүлдөрү катышты.
Анда 25-ноябрда БШКнын дарегине президенттикке талапкер болгон 7 адамдан кайрылуу келип түшкөнү маалымдалды.
Талапкерлер өз кайрылуусунда мөөнөтүнөн мурда шайлоо белгиленген маалда шайлоо өнөктүгүнүн убактысы төрттөн бирге кыскарып жаткандыктан, шайлоочулардын кол тамгаларынын санын дагы кыскартып берүүнү суранган.
Жыйынтыгында, БШК мүчөлөрү мыйзамга ылайык, шайлоо өнөктүгүнүн мөөнөтү кыскартылганы менен милдеттүү түрдө чоугултуу керек болгон кол тамгалардын санын азайтуу мүмкүн эмес деген чечимге келишти.
"Мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүдө мыйзамга ылайык, шайлоо өнөктүгүнүн убактысы кыскартылат. Бирок кол тамгалардын саны кыскарбайт. Аны талапкерлер суранып жаткандай төрттөн бирге кыскартуу мүмкүн эмес. Анткени бул Конституциялык норма. Ал эми кол тамгаларды чогултуп берүү мөөнөтү 50 күндөн 37 күнгө кыскарат" , - дейт БШК мүчөсү Акылбек Сариев.
Ошол эле маалда талапкерлердин кайрылуусунда белгиленген кол топтоо кагазынын форматын өзгөртүү боюнча сунуш кабыл алынды.
Эске салсак, президенттикке ат салышып жаткан талапкерлер 2020-жылдын 3-декабрына чейин 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн төлөп, ошондой эле 30 миң кол топтошу керек. Мыйзамга ылайык, шайлоочулардан кол топтоо талапкерлердин шайлоо фонду түзүлгөн күндөн тарта башталат.
Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонү өткөрүү 2021-жылдын 10-январына белгиленген.



1 |