Мозамбик өлкөсүндө чагылган түшүп, 7 адам каза болду
Мозамбик өлкөсүнө чагылган түшүп, 7 адам каза болду. Бул тууралуу расмий маалыматтарга таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Мозамбик Республикасынын Маника провинциясында катуу жаан жаап, шамал дагы болгон. Мындай аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам аталган аймакка чалгылган түшүп, 7 адам каза болду.
"Аба ырайынын туруксуз болушунан улам катуу жаан жаап, шамал болуп, коомдук жана менчик инфраструктураларды дагы зыянга учуратты" деген Маника провинциясынын губернатору Франциск Томас.
Учурда аталган аймакта жаратылыш кырсыгы алып келген чыгымдарды эсептөө иштери улантылып жатканы жазылган маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.