super.kg logo

Баткенде 6 балалуу аял 4 күндөн бери изделүүдө. Ал бир апта мурун суракка чакырылган

 

Баткенде дайынсыз болуп жаткан Мактым Кожонова 20-ноябрда тергөөгө чакырылган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ушул жылдын 18-ноябрь күнү Баткен ШИИБине кыздын никеге эрте тургандыгы боюнча арыз түшкөн. Ошонун негизинде 20-ноябрда дайынсыз болуп изделип жаткан Мактым Кожонова жана анын күйөөсү суракка чакырылган. Тергөөдө эч кандай укук бузуулар болгон эмес. Андан кийин кайра тергөөгө чакырылган эмес. Ал окуядан 3 күн өткөндөн кийин дайынсыз болуп жатат",- деди басма сөз кызматы.

Айрым маалыматтарга караганда, бул үй-бүлөнүн кызы 17 жашында, мектепте окуп жаткан убакта турмушка чыккан.

23-ноябрдан бери Баткен шаарынын Кызыл-Жол айылынын 45 жаштагы тургуну Мактым Кожонова үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин Баткен ОИИБинин кызматкерлери аталган жаранды издөөгө көмөк көрсөтүү максатында жардам сурап кайрылышкан. Ал эми кечээ, 26-ноябрда Баткен ОИИБи аял дааратканага чыгып, ошол бойдон дайынсыз болгон деген маалыматтарды беришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.11.2020. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бир жакшына акыл эси жайында аял кантип жоголду деп ойлодум эле, значит тергөө жактан бир нерсе болгонго.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: