super.kg logo

Орус тилин расмий макамдан ажыратуу сунушу боюнча Садык Шер-Нияз менен Наталья Никитенконун пикири

 

Кечээ, 26-ноябрда Конституциялык кеңешменин жыйыны өттү. Анда кеңешменин мүчөсү Садирдин Төралиев Кыргыз өлкөсүндө кыргыз тилинде гана атайын макам болушу керек экендигин айтты. Ал кыргыздар эне тилин унутуп баратканын белгиледи. Бул боюнча бир катар саясатчылар өздөрүнүн пикирлерин билдиришти.

Президенттикке талапкер Садык Шер-Нияз орус тилин расмий макамынан ажыратуу сунушу "кыска ойлуу" деп атады. "Орус тили дүйнөлүк маалыматтык жана маданий мейкиндикке жетүүнүн эң маанилүү каражаты болуп эсептелинет. Орус тилин расмий макамынан ажыратуу "кыска ойлуу" сунуш", - деп билдирди ал.

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко Кыргыз мамлекети 80ден ашык улуттун өкүлдөрү жашаган көп улуттуу өлкө экенин белгиледи. "Өлкөнүн бардык жарандары мамлекеттик тилдин өнүгүшүн колдоп келишет. Бүгүнкү күнү парламенттин, өкмөттүн жана башка бардык отурумдар мамлекеттик тилде өтөт. Эмне үчүн Конституциялык реформаны талкуулоодо айрымдар расмий тилдин макамын өзгөртүү, салыштыруу жөнүндө жасалма талкуу болуп жатат? Бул баалардын өсүшүнөн, сомдун курусунун төмөндөшүнөн, пандемиянын экинчи толкунунан көңүлдү башкага бурдуруу аракети болушу мүмкүн. Мен буга макул эмесмин. Орус тилин билүү менен биздин жарандарыбыз Орусияда, жана башка өлкөлөрдө жакшы каражат төлөгөн жерлерде иштеп жатышат. Азыркы учурда, кооптуу мезгилде, орус тилинин макамы жөнүндө талкуу орунсуз нерсе", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
27.11.2020. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Тилден башка иш калбай калдыбы, экономика, өндүрүш, айыл чарбасы, элдин турмушу жөнүндө ойлонсоңор болбойбу.
27.11.2020. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Орустарга жаман корунбой кысчу жерди кысып эле башка иштерди кыйратсанар.
27.11.2020. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кечээтен бери Россиянын баардык сайттары баштады бо-н мончок тапкандай, Кыргызстан орус тилинен баш тартып жатат деп!
27.11.2020. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир сунушту айтаарда, анын натыйжалуулугун караш керек. Олкого кандай пайда деп. Орус тилин четке кагып зыян тартып калбайбызбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: