super.kg logo

Эдил Байсалов: "Президенттик башкарууга кайтуу керек экендигин 2014-жылдан бери айтып келем"

 

Кыргыз мамлекети президенттик башкаруу формасына кайтуусу керек. Мындай пикирин SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчиси, конституциялык кеңешменин мүчөсү Эдил Байсалов билдирди.

Анын айтымында, парламенттик башкаруу системи 10 жыл ичинде өзүн терс жагынан көрсөттү.

"Мен Конституциялык реформаны колдойм. Өлкөбүз президенттик башкарууга кайтып келиши керек. Анткени парламенттик өлкө болгондон бери бизде эч кандай өсүш болгон жок. Тескерисинче, бир топ артка кеттик. Эл өкүлдөрү өздөрү иштебегени аз келгенсип, иштеп жаткан министрлерди жүдөтүштү. Беш фракция, мамлекетти беш тарапка сүйрөп, алдыга жылууга тоскоолдук жаратып туруп алышты. Мындай башкаруу бизге жарабайт.

Азыркы эң башкы көйгөй - жакырчылык маселеси. Жакыр мамлекетке парламентаризм жарашпайт. Менин пикиримди уккандар "сен Садыр Жапаровго жагынып, анын арыгын чаап жатасың" деп жатышат. Бирок мен 2014-жылдан бери президенттик башкаруу керек экендигин айтып келем. Менин социалдык тармактардагы баракчаларымды, ар кандай басылмаларга берген, буга чейинки маектеримди карап көрсөңуздөр айткандарыма ынанасыздар", - деди Байсалов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
27.11.2020. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тууру эле айтыптыр Эдил мырза.
28.11.2020. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура ой-пикир айтыптыр.120депутаттын башкаруусу ой-пикирин эми эл укпайтго.Парламенттик башкаруу деген бизнес жасап,чонтоктуу толтуруу же болбосо тантып-тантып толку жок создор мн бири-биринин башын оорутуп живой адекдот болуп уйлоруно кетишет.Элдерден уялат,чапандарын суйрошот,бул депутаттар эми элге никто....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: