super.kg logo

Чүйдө жер тилкелери менен алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

 

Чүйдө жер тилкелери менен алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, буга чейин, 45 жаштагы С.Р. аттуу Бишкек шаарынын тургуну, алдамчылык фактысы боюнча арыз менен кайрылган. Арызда бейтааныш адамдарга чара көрүүнү суранган.

Себеби алар 2017-жылдын февраль айынын аягында Сокулук районунун Ак-Ордо конушунда жайгашкан жер тилкесин, анын Хонда үлгүсүндөгү унаасын 6000 долларга баалап, алдамчылык жол менен сатып жибергенин билдирген. Жабыркаган адам аталган жерге турак жай куруу боюнча курулуш иштерин баштаганда, жогоруда аталган адамдар өзүнө тиешелүү эмес жер тилкесин сатып жиберишип, жалпы суммасы 6000 долларды түзгөн мүлктүк зыян келтирилгендиги белгилүү болгон.

Бул факт Сокулук РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Сокулук РИИБинин кызматкерлери шектүү 43 жаштагы С.У. аттуу жаранды кармашып, райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирген. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Белгилей кетсек, кармалган С.У. Сокулук районундагы жер тилкелерине байланыштуу ушул сыяктуу бир катар кылмыштарды жасаган деп шектелүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: