super.kg logo

Ысык-Көлдө жол коопсуздугунун кызматкерлери айдоочуларга көзөмөлдү күчөттү

 

Ысык-Көл облусунда жол коопсуздугунун кызматкерлери айдоочулар менен ишти күчөтүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, аба ырайынын кескин түрдө өзгөрүшүнөн, кардын чоӊ өлчөмүндө түшүшүнөн жана температуранын төмөндөшүнөн улам, автожолдордун айрым бөлүгү музга айланууда. Ушундай түзүлгөн шартта, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы боюнча жол кайгуул кызматынын кызматкерлери жол кырсыктарын алдын алуу максатында бир катар иш чараларды ишке ашырып келүүдө. Унаа жолдордо тайгалак коркунучун туудурган тилкелерде жол-кайгуул кызматынын инспекторлорунун дислокациясы күчөтүлдү. Жүргүнчүлөрдү ташуучу мекемелерде жана автобекеттерде, күнүгө рейске чыгуунун алдында транспорттук каражаттардын кышка болгон даярдыгы, алардын техникалык абалы жана жабдылышы текшерилип жаткандыгын маалымдады.

" Ысык-Көл облусунун аймагындагы автожолдор толугу менен изилденип, тайгалак болгон жана муз каптаган тилкелер аныкталып, аны жою боюнча көрсөтмөлөр тийиштүү жол чарбаларына жиберилди. Учурда, аталган тилкелерде жол кырсыктарын болтурбоо боюнча аракеттер колго алынып, айдоочулардан өзгөчө этияттык талап кылынды. Айдоочулар өзгөчө көңүлдү жол эрежелеринин талаптарын аткарууга, жол кыймылында автоунаалардын ортосундагы аралыгын жана ылдамдыктын режимин сактоого буруп, ошондой эле жайкы дөнгөлөктөдү кышкыга алмаштырууну унутпоо керек экендиги эскертилди", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: