Көпчүлүк аймактарда кар жаайт. 28-ноябрга карата аба ырайы

28-29-ноябрда түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт. Эртең көпчүлүк аймакта мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда нөшөрлүү жаан жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.
Эртең, 28-ноябрда түнкүсүн жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк райондорунда жана тоо этектеринде кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0 … -5, күндүз -3 … +2;
Талас облусунда түнкүсүн -4 … -9, күндүз -4 … +1;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -4 … +1, күднүз -2 … +3;
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -1 … -6, күндүз +3 … +8;
Нарын облусунда түнкүсүн -9 … -14, күндүз 0 … -5;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0 … -2, күндүз 0 … +2 градус болот.

