Вице-премьер аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу үчүн күч-аракетти бириктирүү зарыл экенин айтты
Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу үчүн күч-аракетти бириктирүү зарыл экенин айтты. Бул тууралуу ал гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынынын жүрүшүндө билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ал белгилегендей, үстүбүздөгү жылы орун алган аялдарга карата зомбулук көрсөтүү жана адам өлүмүнө алып келген учурлар калк арасында олуттуу кооптонууну пайда кылып, тыкыр иликтөөнү жана күнөөлүү жактардын жазаланышын талап кылат.
"Зомбулук адам укуктарынын бузулушунун кеӊири тараган түрү бойдон калууда жана бул географиялык, социалдык, экономикалык же диний чекке карабастан көптөгөн аялдар жана балдар үчүн олуттуу коркунуч жаратууда. БУУнун маалыматтары боюнча Кыргызстандагы ар бир төртүнчү аял балдары менен зомбулуктун башка бардык түрлөрүн камтыган үй-бүлөлүк зомбулукка кабылат. Үй-бүлөлүк зомбулук адам өз алдынча көйгөйдү чече албагандыктан турмуштук оор кырдаалга кирет. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, Кыргыз мамлекетинде үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктары көпчүлүк учурларда үй-бүлөнүн социалдык жактан аярлуу мүчөлөрү – алар аялдар, балдар, улгайгандар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар", - деди Эльвира Сурабалдиева.
Иш-чарага эл аралык, бейөкмөт уюмдардын, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.

