Ош-Бишкек унаа жолунун "Арал" постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Ош-Бишкек унаа жолунун "Арал" постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-ноябрь түнкү саат 03:30дан баштап аба ырайынын кескин түрдө өзгөргөндүгүнө жана "Ала-Бел" ашуусунда кардын тынбай жаап жолдун тайгактыгынан Бишкек - Ош унаа жолунун 272 чакырымында жайгашкан "Арал" стационардык посттунан Жалал-Абад областтык ЖККК бөлүмү тарабынан коркунучтуу жана оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилген. Андан сырткары ар бир өтүп жаткан жеңил автоунаалардын дөңгөлөктөрүн жана дөңгөлөк үчүн чынжырчаларын текшерип өткөрүүдө. Тийиштүү кызматтар менен биргеликте жолду тазалоо иштери жүрүп жатат.
Ошондой эле Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларга кар жаагандыгына байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда жана Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боомдо этият болууну эскертет.
"Ошондой эле айдоочулардан тез арада жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырып, ашууларда кырсыктарды азайтууну суранабыз", - деп билдиришти Жол кайгуул кызматынан.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:35
2025-08-01

10:58
2025-08-01
8:16
2025-08-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.