Нарын районунда жол кырсыктарынын алдын алуу максатында иш чара өткөрүлдү




Нарын районунда жол кырсыктарынын алдын алуу максатында иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын жол кыймылын камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
"Нарын облусунун Нарын районунун аймагындагы жол-унаа кырсыктарын, анын ичинен мал жандыктарынын катышуусу менен байланышкан жол кырсыктарынын алдын алуу багытында райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, жергиликтүү бийлик башчыларына берилген сунуштардын жыйынтыгынын негизинде "Бишкек-Нарын-Торугарт" унаа жолунун айланасындагы жайылып жүргөн жылкы, уйлардын моюнуна жарыкка чагылуучу ленталарды тагышып, малдардын ээлерине, кечинде бош коебербей, малдарды байлап, тушап туруу тууралу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Андан тышкары, райондун аймагында каттаган коомдук транспорт жана жеңил эл ташыган такси кызматын көрсөткөн унаалардын айдоочулары менен жүргүнчү ташуучу жана шаар аралык каттамдарда каттаган жоопкерчилиги чектелген уюмдардын айдоочуларынын катышуусу менен Жол кыймылынын эрежелерин, айрыкча ылдамдыкты так сактоо, карама- каршы тилкеге чыкпоо жана түнкү убакытта өтө сак болуулары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Нарын РИИБи боюнча ЖККБнын кызматкерлери Жол кыймылынын эрежелерин так сактап, одоно бузуулардан алыс болууга чакырат", - деп айтылат маалыматта.

