Александр Лукашенко жаңы конституция кабыл алынгандан кийин кызматтан кетери айтылууда
Беларусь өлкөсүнүн жаңы конституциясы бекитилгенден кийин, өлкөдө бийлик алмашат деп күтсө болот. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары Александр Лукашенконун айтканына таянып жазышууда.
“Ал мамлекеттин негизги мыйзамынын жаңы редакциясы чыкканда, мындан ары президент болбойм деп жарыялады. Бирок Лукашенко жаңы конституция качан кабыл алынарын тактаган жок”, - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Лукашенко жаңыланган конституциянын долбоору 2021-жылдын башында коомдук талкууга коюлат деп билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.