УКМК Садыр Жапаровдун тарапташтарынын социалдык тармактардагы агрессиясына кызыгып баштады
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаровдун тарапкерлери деп эсептелген тараптардан агрессивдүү постторго жана социалдык түйүндөрдөгү коркутууларга байланыштуу чакырыктар жөнүндө билдирүү таратты.
Мекеме бул тууралуу президенттикке талапкерлигин койгон Бектур Асановдун сөзүн өзүнчө белгилеп, аны ашыкча эмоционалдуу деп баалаган. УКМК мындай билдирүү социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын кадыр-баркына шек келтирет, коомчулукта нааразылык жаратат деп эсептейт.
"Башка жарандык активисттер жана саясий ишмерлер да жеңил пиар үчүн ушул сыяктуу фейк маалыматтарды таратып, кырдаалды атайылап курчутуп жатат. УКМК бардык укук коргоо органдары менен бул багытта тиешелүү жумуштарды аткарат. Буга байланыштуу бардык жактарды кандайдыр бир чагымчыл чакырыктарды, туура эмес маалыматтарды жана күмөндүү видеоматериалдарды таратуудан карманууга чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.
УКМК коркутуу фактыларын укук коргоо органдарына тапшырууга үндөгөн.
Саясатчы Бектур Асанов 27-ноябрда басылмаларга берген маегинде Садыр Жапаровду сындагандарды жана президенттикке талапкерлигин койгон жарандарды, анын тарапкерлери "өлтүрүп кетебиз" деп коркутуп жатканын айтып, мөөнөтсүз ачкачылык жарыялаган.








1 |