super.kg logo

Баткенде Ата-энеңди кооптуу илдеттен сакта” иш-чарасы башталды

 

Баткенде “Ата-энеңди кооптуу илдеттен сакта” иш-чарасы башталууда. Иш-чара 2020-жылдын 1-декабрынан, илдет азайганга чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, бул боюнча өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалаловдун буйругу чыккан.

"Таажы вирусу негизинен жашы улгайган жана өнөкөт ооруулары бар жарандар үчүн абдан кооптуу. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин анализинин негизинде, өлкөбүздө өлүм учурларынын көпчүлүгү 60 жаштан ашкан бейтаптардын арасында болууда. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттеринин корутундусунда 65 жаштан өткөн жарандар вируска чалдыкса, 15%ы өлүмгө дуушар болуп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Кыш мезгилинде өнөкөт ооруулардын жана сезондук жугуштуу ооруулардын күчөшүнө байланыштуу, 60 жаштан ашкан жарандарга коомдук жайларга, базарларга, эл көп жыйылган иш-чараларга барбоону жана үйдөн чыкпай санитардык нормаларды сактоосу керек экендигин эскертебиз. Бирок улгайган жарандарды кооптуу илдеттен сактоодо жаштардын жоопкерчилиги өтө чоң. Анткени улгайгандар санитардык нормаларды сактаган менен аларга уул-кыздары аркылуу илдетти жугузуп койгон учурлары көп катталууда. Алдыда “Ата-энеңди кооптуу илдеттен сакта” аттуу иш-чаранын алкагында, окуучулар, студенттер, жалпы эле жаштар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, акция, флешмоб жана ММКнын атайын берүүлөрү уюштурулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: