super.kg logo

Диего Марадонанын сөөгү менен селфи жасаган кызматкер жумушунан алынды

 

Маркумду акыркы сапарга узатуу бюросунун кызматкери табытта жаткан Диего Марадонанын сөөгү менен селфи жасаган. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, мекеме кызматкери сүрөттү социалдык тармактагы жеке баракчасына жарыялагандан кийин ал коомчулуктун көңүлүн бурган. Сүрөткө ал баш бармагын көрсөтүп түшкөн. Чуулгандуу сүрөт легендарлуу футболчунун күйүт тарткан күйөрмандарынын олуттуу ачуусун жараткан. Мындай коомдун агрессиясынан кийин кызматкер жумуштан айдалып, Марадонанын үй-бүлөсү күйөрмандарынан кечирим сураган.

Эске салсак, футболчу 25-ноябрда көз жумган. 60 жаштагы Марадонанын өлүмүнө жүрөк оорусу себеп болгон. Буга байланыштуу Аргентинада үч күндүк улуттук аза күтүү жарыяланган. Спортчунун уулу, италиялык футболчу Диего Марадона атасы каза болгондугун окуяга болгон реакциясын билүү үчүн телефон чалган журналисттерден билген. Ошол эле учурда футболчунун баласы коронавирус менен ооруп жаткан жана аны бул кабар сестентип, ал оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшүп калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: