super.kg logo

Көпчүлүк аймактарда кар жаайт. 29-ноябрга карата аба-ырайы

 

Эртең, 29-ноябрда Кыргыз өлкөсүнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу “Кыргызгидромет” борборунан билдиришти. Маалыматка ылайык, 29-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…-8;

Талас жергесинде түнкүсүн -12…-17, күндүз -3…-8;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5;

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -3…-8;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -20…-25, күндүз -13…-18 градус болот.

29-ноябрда Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жааайт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9 күндүз -3…-5 градус болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: