super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Ноокат районунун ЗАГС бөлүмү жакшы иштебейт, саргайып күткөн элдин сабыры түгөндү" дейт окурман

 

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө жаран кайрылып, Ноокат районундагы ЗАГС бөлүмүнөн ОМС алуу үчүн кезекке туруп, эч жыйынтык болбой жатканын айтып нааразы болду.

Айтымында, бул көрүнүш жыл сайын кайталанат.

"Сиздерге кайрыла турган арыз муңубуз бар. Бүгүн Ноокат районунун ЗАГС бөлүмүнө ОМС алуу үчүн эртең менен 9:00дө кезекке турганбыз. Эртеден кечке чейин да кезек жетпей куурадык. Узун кезекте турган элге же күтүп турчу жай жок, же отургуч жок. Карыган адамдар да үшүп, тикесинен тик туруп кезек кутүштү. Бир кагаз үчүн 3-4 саат кезекке туруп, бир күн кечке эч нерсе бутүрбөдүм деп наалыган бир эле мен эмес, ондоп саналат.

Ал арада тааныш билиш же сырттан чөнтөккө акча салгандарды кызматкерлер акырын алып кирип кетип атат. Байкуш эл шайы оогончо тикесинен-тик туруп кезек күтүштү. Кагып силкип орой мамиле кылган кызматкерлер андан көп .Эмне үчүн ушул маселе айыл өкмөттө каралбайт? же башка жолдорун карап кеңейтишпейт. Бул көрүнүш жыл сайын кайталанат, күн сайын какшаган эл... Бир кагаз үчүн тээ алыскы айылдан суукта убара болуп келгендер бар. Деги муну тескеген бирөө барбы? - эмнеге, ушул негизги маселелер чечилбейт, сабырыбыз түгөндү", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(22)
28.11.2020. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Закс пасобия только акча
28.11.2020. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эн туура. Гос.нотариус менен ЗАГСта кезек ото коп болот. Анан именно ушул органда иштегендер элдерге катуу тийишет. Негедир кичи пейил келишпейт.
28.11.2020. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Bikosh2015,баардык жерде ошондой корунуш.ал жерде иштегендер оздорун кудай сезишет
28.11.2020. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Өтө туура айтыптыр автор, өзү ЗАГС менен МАМКАТТООлор бүт бардак...
28.11.2020. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Автор ото туура маселе козгодун, ал жер кадимкидей бизнес центр болуп калды, кечке куткондон коро дешип айла жок сураганын берип ишини бутуруп кетишет.
28.11.2020. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Баардык жерде эле ошо, тааныш болсон без очередь бутурушот,жонокой адамдар бир кундо эч ишин бутпойт, болбогон эле нерселерге акча алышат, бир айлык зарплатасын бир кундо эле таап алышат, анысы аз келгенсип адамдарга аябай катуу тийишет, оздорун кудай сезип алышкан, урушуп кетейин десен, жалдыратып ишинди бутурушпойт, айла жок ундобой кутуласын
28.11.2020. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Өтө туура айтыптыр тааныш билиш кылып акча бергендер тез еле ишин бүтүрүп кетет постоянно очред убакыт сааты менен иштебейт начальниги оштон келет дейт ал обедте келет. Иш убактысын да иште олтурбайт
28.11.2020. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Лейлекте дагы ошондой!
29.11.2020. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Алай районунун борбору Гулчодо дагы так ушундай корунуш. Элдерге кылган мамилесин айтпай эле койойун.ЗАГСтын начальниги акчаны шыпырып эле алатго. Эч себепсиз 100 сом толоп кой,50 сом толоп кой дешет беракта иштегендери.Паспорт столдо дагы ушундай корунуш.Кассасына толойсун.Анан чонтокторуно толойсун иштегендердин.Ушуларды бут жаныласа жакшы болмок та.Бир омс учун 500 бергемин мен.
29.11.2020. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ноокаттын калкынын саны көп ал эми ЗАГСты көрсөңөр тоок канадай кичине тейлөөчүлөр аз, мен туулгандыгы тууралуу күбөлүктү араң алдым ичи толо адам толтура, имарат кичине эл батпай тыгылат ичине. Башта туулгандыгы тууралуу күбөлүктү айыл өкмөттөн эле алчуу элек ызы-чуусу жок ошол жакшы болчу.
Alixan-Nookat.2015 түзөттү 2020-11-29 02:20:12
29.11.2020. 07:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
эн туура корунуш.иштеген адамдары сабатсыз,же атайын ката жазышабы билбейсин,ошол ката кетиргендерин ондотуу учун баргандары да толтура кезекте турушат.кадр алмаштыруу керек бардык жерде.пособия туурулачу жерде да мындан откон коррупция.
29.11.2020. 08:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен да баламды Казакстанда тороп куболук ала албай Ноокаттан алгам, андай документ мындай документ деп же бир онойчулук менен кире албайсын очередь коп, икир чикирлери да коп экен ошентип журуп 6 жашында аран алгам метркасын
29.11.2020. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эң туура, биз да жакында эле ушундай нерселерди баштан өткөрдүк, мамлекеттик нотариуска барганда ар түрдүү шылтоолорду айтып отуруп сөзсүз акча алышты, алар бир күндө эле 1 айлык айлык акысын таап коюшат экен, бир нерсе десең ишиңди сотко өткөрүп жиберем андай мындай деп ишиңди бүтүрүп бербей сүрөйт экен, акча берем деп айткандан кийин жөн эле ырдап калышат экен, уяты жоктор
29.11.2020. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ЗАГСка сөз жок, эшиктин сыртынан кулпулап алышып суукта элдерди күттүрүп коюп отурушат, элдерге малга кылгандан бетер мамиле кылышат, өздөрүн Кудай сезип алышкан, бир документ керек болсо он жерге жиберишет, бир жерден эле бүтүп калбайт, кичинекей бала менен суукта жүрдүк.
29.11.2020. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таластын загсы жакшыраак экен да .только очеред менен киресин. Акчасын банкка кана толойсун
29.11.2020. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ноокатта тааныштарды Жамиля деген эже арткы айнектен келгиле деп чакырат да бүтүрө берет. Калганы сыртта куурай берет күтүп. Бир күндө ишиң бүтпөйт. Архивдеги Гулзада деген өзүнчө эле ханыша созулуп. Бир китепти таап бериши кыйын эзилип. Ортомчу өзбек катындар бар , ошолор менен сүйлөшүп акча берип ( мукураганда) араң аласың , любой кагазды.
29.11.2020. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Короче ЗАГС менен Гос.нотариустарды иштен айдаш керек. Или элден сурамжылоо кылуу керек. Что алар кандай иштеп жатканы боюнча
29.11.2020. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корсо баардык жерде тен ушу корунуш экен да. Эмнеге чондору камерадан карап коюп отура беришет, эмнеге мамлекет коз жууп коюп жатат. Мен ойлогом Ошто эле ушундай болсо керек деп. Мен да бир жума жургомун кызыма паспорт алам деп, очередим эми жеткенде эки таанышы келип аларды бутуруп мени буткучо 5 болуп эртесине калганбыз, эртеси жумуштан дагы жооп сурап жаман корунуп атып, дагы очеред 4 саат кутуп зорго киргенбиз
29.11.2020. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушуну козомолдоп карагандар да окуп олтурса экен деген умут элге женилдик болмок бираз конул буруп койсо бийликтегилер
30.11.2020. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Калганын го билбейм го Кызыл кыядагы гос.нотариус аял элдерге ото катуу тиет. Ошону текшериш керек.
30.11.2020. 05:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн актуалдуу темалардан экен, мен дагы Ноокаттын ЗАГСнан ОМСти 250 сомго алдым,ал эми никеси жок деген справка кайдан алсам болот десем, Жакыпова Нургизага кир деп айтышты, кирсем карап койуп мени,телдеги суротторун коруп отурат, 20минут турдум жанында анан бул справканы 5000 берсен кылып берем деп айтты.Досум жазып калды Ноокаттын справкасы отпойт, только Бишкектен алышын керек деп, Нургиза эжеге айтсам, Ооба, мен сага Бишкектен алдыртып берем дейт,мен озум эле аламын деп чыгып кеттим
30.11.2020. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нургизанын устунон арыз жазып карматыш керек эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: