Бокс тарыхындагы мыкты мушкерлер Майк Тайсон менен Рой Жонстун беттешин SUPER.KG порталынан онлайн окусаңыз болот
Эртең, 29-ноябрда АКШнын Калифорния штатындагы Карсон шаарында Бишкек убактысы боюнча саат 08:20да бокс тарыхында мыкты америкалык мушкерлер Майк Тайсон жана Рой Жонс беттешет. Тарыхта калчу бул эки мушкердин беттешин SUPER.KG порталынан онлайн окусаңыздар болот.
Майк Тайсон өзүнүн акыркы беттешин 2005-жылы өткөргөн. Анда ал ирландиялык мушкер Кевин Макбрайдга жеңилип калган. Ал карьерасында жалпы 58 беттеш өткөрүп, анын 50сүндө жеңүүчү аталган.
Ал эми 51 жаштагы Рой Жонс акыркы беттешин 2018-жылы Скотт Сигмонго каршы өткөрүп, калыстардын чечими менен жеңүүчү аталган. Жалпы карьерасында ал 77 беттеш өткөрүп, анын 66сында жеңүүчү аталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.