super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө 63 миллионго жакын адам коронавирус илдетин жуктуруп алды

 

Бүгүн, 30-ноябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 62 миллион 670 миң 154 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 40 миллион 70 миң 534 бейтап айыгып чыкса, тилекке каршы, 1 миллион 458 миң 360 адам каза болду. Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 13 миллион 376 миң 113 болду. 266 миң 838 адам каза болсо, 5 миллион 65 миң 30 бейтап айыгып чыкты. Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 9 миллион 392 миң 919 адамдан аныкталды. 135 миң 696 адам каза болсо, 8 миллион 802 миң 267 бейтап айыкты. Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 6 миллион 314 миң 919 адам вируска кабылган. 172 миң 833 бейтап көз жумса, 5 миллион 581 миң 436 бейтап оорудан сакайды. Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: