super.kg logo

Жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүү декадасы өтөт

 

Өлкө боюнча 30-ноябрдан 5-декабрга чейин жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүү декадасы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков билдирди.

Анда мындай декада жыл сайын Юстиция министрлиги тарабынан уюштурулуп келери айтылды.

"Буга чейин декаданын алкагындагы акция соодар борборлордо, базарларда, жарандар көп топтолгон жерлердер өткөрүлчү. Быйыл пандемияга байланыштуу формат өзгөрдү. Акысыз юридикалык көмөк көрсөтүү онлайн түрдө жүргүзүлөт. Ал үчүн биздин министрликтин сайтында атайын бөлүм иштеп жатат. Мындан тышкары өлкө боюнча 28 акысыз юридикалык жардам берүү борборлору бар. Алар 09:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Акысыз юридикалык жардам эки түрдө берилет. Биринчиси - бул укуктук-консультациялык, ал бардык категориядагы жарандарга көрсөтүлөт. Экинчиси - мамлекет тарабынан соттук иштер үчүн акысыз жактоочу менен камсыз кылуу. Бул жардамды алуу үчүн атайын критерийлер бар. Мисалы, айлык маянасы 9 миң сомдон ылдый болгон жарандар. Бул учурда жактоочуларга гонорарды мамлекет төлөп берет", - дейт Акжол Калбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: