Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда абанын булганышы чегинен ашкан жок
Бүгүн, 30-ноябрда саат 10:30га карата Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда абанын булганышы чегинен ашкан жок. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.
Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.
Токтогул-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде учурдагы көрсөткүч - 73 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 65). Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.
Чыгыш-5 кичи району – 19 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 15).
Москва-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилиши – 73 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 57).

