super.kg logo

Улуттук банк 1-декабрдан баштап "Кыргыз күрөш" коллекциялык тыйындарын жүгүртүүгө чыгарат

 

Улуттук банк 1-декабрдан тартып "Кыргыз күрөш" коллекциялык күмүш жана жез-никель тыйындарын жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" сериясынын "Кыргыз күрөш" коллекциялык тыйындары улуттук спорттун түрүн жандандыруу жана даңазалоо максатында чыгарылган жана IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналды.

"Көрүүчүлөрдүн, боз үйлөр менен тоолордун фонунда күрөшүп жаткан балбандар тыйындын алдыңкы бетинин негизги сюжетин түзөт. Тыйындын жогору жагында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын логотиби жана "Кыргыз күрөш / Kyrgyz kurosh" жазуусу түшүрүлгөн. Ал эми оң жагында номиналы (10 сом) көрсөтүлгөн. Тыйындын төмөн жагында улуттук оюулар түшүрүлүп, металлдын сапат белгиси (Ag 925°) жана салмагы (31,10 g) берилген", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: