super.kg logo

"Сен мени сыйлайсыңбы же сыйлабайсыңбы?" деген сөздөн уруш чыккан. Адам өлүмүнө шектелип 2 жаран кармалды

 
Ош шаарында адам өлтүрүү фактысы катталды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 28-ноябрь күнү саат 09:01де телефон чалуу болгон. Анда үйгө келбеген уулун издеп чыккан ата Ош шаарынын Атабаев көчөсүнөн канга боёлуп каза болгон абалда тапканын билдирген.
Жансыз дене табылган жерге Ош ШИИБинин жетекчилиги, ыкчам тергөө тобу барып, маркумга кароо жүргүзүшкөн. Маркумдун денесинин 21 жерине бычак сайылган. Издөө иликтөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары Ош шаарынан 58 жана 60 жаштагы эки жаранды кармашкан. Экөө тең мурда адам өлтүрүү боюнча соттолуп чыгышкан.
"Шектүү катары кармалган 1962-жылы туулган С.О.нун жашаган үйүн кароо учурунда канга болгон кийимдер, 1 даана кандын тактары бар аш бычак жана узундугу 40 сантиметр таяк табылган.
Тергөөнүн алгачкы маалыматына ылайык, маркум менен шектүү С.О.нун ортосунда уруш чыккан. Анда ичкилик ичип отурушуп, «сен мени сыйлайсыңбы же сыйлабайсыңбы?» деген талкуудан улам күчөп, аягы адам өлүмүнө алып келген. Учурда бул кылмышка шектүү катары кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: