Акысыз юридикалык жардам берүү акциясынын алкагында аймактарга "Тилектештик автобусу" чыгат

Акысыз юридикалык жардам берүү декадасынын алкагында аймактарга "Тилектештик автобусу" чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков маалымат жыйында билдирди.
Анда юридикалык жардамга муктаж, алыскы аймактарда жашаган жарандар үчүн "Тилектештик автобусу" уюштурулуп, анда жактоочулар, юристтер, адистер кошо чыгары айтылды.
"Тилектеш автобус" долбоору буга чейин дагы иштеп келген. Быйыл дагы улантылат. Былтыркы жылы акысыз юридикалык жардам берүү декадасынын алкагында 30 миңден ашык жаранга жардам бердик. Акциянын жүрүшүндө көбүнчө үй-бүлөлүк карым-катнаш, жер маселеси, мурасты бөлүштүрүү, социалдык камсыздоо, кыймылсыз мүлк, миграция маселелери боюнча кайрылышат", - дейт Акжол Калбеков.

