"Бир адамдан бир китеп" долбоору эл аралык сыйлыкка татыды




"Бир адамдан бир китеп" долбоору жана анын негиздөөчүсү Бакай Акылбеков Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин "Содружество дебютов" сыйлыгы менен сыйланды. Бул тууралуу аталган долбоордун негиздөөчүсү Бакай Акылбеков Super.kg порталына төмөндөгүлөрдү билдирди.
"2019-жылы КМШ өлкөлөрүндө китеп жылы деп жарыяланган экен. Мунун негизинде китеп жаатында алгылыктуу иштерди жүргүзүп жаткан бир канча өлкөлөрдөн талапкерлерди тандап алышкан. Жазында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан сунуштама кеткен. Жакында эле жеңүүчү болдуңуз деп сүйүнчүлөштү. 2-3 күн мурун аталган сыйлыктын диплому колго тийди. 16 мамлекеттин арасынан "Содружество дебютов" наамын ыйгарышты.
Бул сыйлык ата-энебиз, устаттарыбыз, китепчилер командасы, досторубуз жана жалпы кыргыз элиники. Сыйлык, ишеним дагы да мойнубузга чоң жүк, аманат бар экенин айгинеледи... ", - деди Бакай Акылбеков.
Аталган долбоорду 2019-жылдын февраль айында жаш активисттер Бакай Акылбеков жана Эрлан Смайыл уулу негиздеген. Азыркы тапта долбоордун алкагында айыл жерлеринде, аскер-бөлүктөрүндө, мектеп-медресе, жатакана жана орууканаларда жалпысанан 166 китепкана ачылган. Мындан сырткары 130 миңден ашуун китеп чогулуп, анын орточо эсеп баасы 30 миллион сомду түздү.

