Өзгөндө 3 миллион 250 миң сомду түзгөн жер аянты муниципалдык менчикке кайтарылды
Өзгөн райондук прокуратурасы 3 миллион 250 миң сомдук жер аянтын муниципалдык менчикке кайтарды. Бул тууралуу Өзгөн райондук прокуратурасынан билдирди.
Ош облусунун Өзгөн райондук прокуратурасы 2015-жылдагы мыйзамсыз чечими менен Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде болгон 1 жарым гектар жер аянты Х.М. аттуу жарандын менчиги деп табылган. Аталган жер аянтынын нарктык баасы 3 миллион 250 миң сомду түзөрү райондук прокуратуранын текшерүүсүндө аныкталган.
"Өзгөн райондук прокуратурасы мыйзамсыз кабыл алынган соттук чечимди жокко чыгаруу боюнча жогорку соттук инстанцияга сунуш келтирип, ал эми мыйзамсыз чечимдин негизинде түзүлгөн келишим жана кабыл алынган мамлекеттик актыларды жараксыз деп табуу боюнча доо арыздары менен жергиликтүү сотторго кайрылган. Соттук кароолордун жыйынтыгы менен келтирилген сунуш жана доо арыздар толугу менен канааттандырылган. Ушул жылдын 20-ноябрында прокурордук сунуштун негизинде 1 жарым гектар жер аянты кайрадан Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн менчигине кайтарылды", - деп жазылат маалыматта.

