Борбор калаада күн ачык болот. Шейшембиге карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат
Эртең, 1-декабрда күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -7, күндүз -2;
Талас облусунда түнкүсүн -2, күндүз +5;
Ош облусунда түнкүсүн +1, күндүз +8;
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн -2, күндүз +5;
Баткен облусунда түнкүсүн -2, күндүз +9;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1, күндүз +2;
Нарын облусунда түнкүсүн -8, күндүз +1.
Бишкек шаарында кар жаашы күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -7, күндүз -1 градус болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-08-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.