super.kg logo

"Кут" курулуш компаниясы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жубайлар Рустам Иманалиев менен Айзатка батир белек кылды

 

"Кут" курулуш компаниясы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Айзат Мамырай кызына батир белек кылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган компаниянын өкүлү кабарлады.

Өкүлдүн айтымында, батирдин документтери анын ээлерине бүгүн тапшырылган.

"Кут" компаниясы буга чейин 3 батирди интернет аркылуу ойнотуп, жеңүүчүлөргө тапшырган. Бүгүн дагы 3 батирди жеңүүчүлөргө ыйгардык. Алардын бири турак жайды утуп алса, калган 2 батирди конкурстан сырткары муктаж үй-бүлөлөргө белек кылууну туура көрдүк", - деди компаниянын өкүлү.

Ал эми Айзат компания тарабынан үй берилерин 2 күн мурун угуп ишенбегенин, бүгүн гана документтерди колго алгандан кийин батирлүү болгонуна ынанганын билдирди.

"2 күн мурда "Кут" компаниясынан чалышып, "сиздердин үй-бүлөгө батир белек кылалы деп жатабыз, документтериңизди жибериңиз" дешти. Абдан кубандык, толкундандык, бирок толук ишене албай жүрдүк. Бүгүн компанияга чакырып, документтер колубузга тапшырылганда гана ишендик. "Кут" компаниясына терең ыраазычылык билдиребиз. Жолдошум экөөбүздүн кубанычыбызда чек жок", - деди Айзат Мамырай кызы.

"Кут" курулуш компаниясы 1 жарым жылдан бери иштеп келет. Буга чейин 1 көп кабаттуу үй курулуп, ишке берилсе, учурда дагы 5 көп кабаттуу үйдүн курулуш иштери аяктоо алдында турат. Компания жыл аягына чейин дагы бир 3 бөлмөлүү, ал эми 2021-жылы 10 батир ойнотот.

"Кут" курулуш компаниясы тууралуу кеңири маалымат бул шилтемеде.


кошулду





"Кут" компаниясы муктаж үй-бүлөлөргө батир белек кылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(13)
30.11.2020. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Жаны конушунар кут болсун.Кут компаниясына да кудайым берсин
30.11.2020. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ак өргөңөр кут болсун! Мен аябай сүйүндүм кабарды окуп алып
30.11.2020. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бул "Кут курулуш компания" сынын башчысы Жоомарт деген, атына заты жарашкан чыныгы азамат жана ыймандуу жигит. Беш убак намазын таштабаган таква мусулмандарга кошулат. Мындай кайрымдуу иштерди өтө көп жасап келе жатат. Бул жигитке жана ишканасына Кудай береке берсин Иншаа Аллаах...
30.11.2020. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кут болсун уйунор, уй берген компанияга кудайым берсин
30.11.2020. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мен дагы суйундум озум алгандай болуп.. Жакшылыкта жашагыла тойлор болсун..
30.11.2020. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Менда кайрылуу жаздым эле тааныш кучтуу болду окшойт бул жакта. Мен 5-чи этаждан тушуп кеткем белим сынган эки бутум ичкерип кургап жатат уйлонгом келинчегим жакын арада коз жарат тытынып кара жаныбызды тойгозуп атам 7-жылдан бери батирден батирге кочуп жашайбыз менин ахвалымды бели сынгандар тушунот.
01.12.2020. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
nurbek56,Сабыр кылсан сага да бир кун ийгилик жылмаят, жашоого эч нараазы болбо.
01.12.2020. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
nurbek56,бул жакта тааныш кучтуу болду го деп айтыш туура эмес болуп калат го.чындап айткандай сен сыяктуулар толтура кыргызстанда Айла жок болуп жатпайбы,А Рустам менен Айзат интернет аркылуу элге чыккандыктан,колдоо коп болгондуктан дагы ушинтип батир берилди.
01.12.2020. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
nurbek56, Бул жерде тааныш күчтүү эмес тууган, антип жалаа жабыштан уялсаң. Алар интернет аркылуу калың элге таанылып, көптөгөн элдин колдоосуна, алкышына татып, муктаждыктары ачык далил болгону үчүн алып жатышат. Сенда чык интернетке, муктаж экениңди далилдесең, Кут эле эмес, башкаларда берет.
01.12.2020. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Pankration_MMA,туура
30.11.2020. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаны конуштуу болгондор кут Болсун! Мен окмот депутаттар министирлер президенттерге кайрыла берип тажагам. Маилекет эч кандай жардам бербейт конул да бурбайт окмотко кайрылсан райондогуларга айтып койушат райондогулар домкомду жонотуп койушат ал келип ал ахвал сураган болуп кетет
30.11.2020. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айлам кетип "Кут" курулуш компаниясына кайрылган болчум буйруп насип этпептир буйруганын коробуз. Ийгилик "Кут" курулуш компаниясына элдин кызматын кылып ак батасын алып журо берсин.
30.11.2020. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кут болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: