super.kg logo
  Саясат  

Артём Новиков: "Эсепке алынбаган продукт таза иштеген ишкерлерге чоң көйгөйлөрдү жаратат"

 

Товарлардын толук эсебин камсыз кылуу үчүн "Жыйынтыктоочу пост" бирдиктүү маалымат тутумун түзүү керек. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Чалдовар өткөрүү пунктуна барганда билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдайт.

Анда Новиков эсепке алынбаган продукт таза иштеген ишкерлерге чоң көйгөйлөрдү жаратарын айткан.

"Акыркы жылдары контрабандага каршы күрөшүү жөнүндө көп айтып жатабыз. Бүгүнкү күндө өкмөттүн негизги милдети болуп бирдиктүү салык, бажы, чек ара жана салмак-габарит тутумун түзүү болуп саналат. Тагыраак айтканда, тегиз эсепке алуу боюнча бирдиктүү тутуму түзүлүшү керек. Мунун негизинде биз бюджеттин киреше бөлүгүндө салыктык кирешелерди эсепке алууну гана түзбөстөн, ири импортерлорго тең атаандаштыкты камсыз кылуу менен ички рынокко чыгууга мүмкүнчүлүк түзө алабыз", - деп белгилеген Артём Новиков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: