super.kg logo
  Саясат  

Депутат инклюзивдүү билим берүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Анда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар кадимки мектепте билим алуу укугуна ээ болот

 

Депутат Дастан Бекешев инклюзивдүү билим берүү боюнча долбоорун сунуштап жатканын билдирди. Бул тууралуу ал "Депутаттын ойлору" аттуу телеграм каналында айткан.

Бекешев долбоор ишке ашса ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кадимки мектептерде билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлмөк деп белгилейт.

"Майыптыгы бар балдар жалпы мектептерде башка балдар менен бирге окуса жакшы болмок. Кээ бирлери мындай практика мүмкүн эмес деп жатышат. Бирок көптөгөн өлкөлөр бул тажрыйбаны колдонуп келишет. Башында оор болгону менен, ал өлкөлөрдө бул нормалдуу практика катары кабылданып калды. Бирок бул долбоорум бүгүн социалдык саясат боюнча комитетте колдоо тапкан жок. Депутаттар долбоорго өтө көп каражат кетерин айтышты. Ошону менен алар мыйзам долбоорунан биротоло баш тартууну же минималдык чыгым кеткидей кылып кайрадан карап чыгууну сунушташты. Мен мыйзам долбоорун кайрадан карап чыгууну тандадым" , - деген Бекешев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: