super.kg logo
  Саясат  

Депутат Дастан Бекешев: "Вебкам студияларды укук коргоо органдары менен уюшкан кылмыштуу топтор калкалайт"

 

Вебкам студияларды укук коргоо органдары уюшкан кылмыштуу топтор менен калкалайт. Мындай пикирди депутат Дастан Бекешев "Депутаттын ойлору" аттуу телеграм каналында айткан.

"Вебкаминг бизде акыркы кезде тездик менен өнүгүп жатат. Бул ишмердүүлүк менен алек болгондор салык дагы төлөшпөйт. Себеби буларды укук коргоо органдары менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү калкалайт. Вебкам студиялардан түшкөн акчалар аларга дагы түшөт. Улам ачылып жаткан вебкам студиялар бири-бири менен атаандашып иштеп жатышат. Студиялар Финпол кызматкерлеринен тартып "караларга" чейин бири-бирине жиберип, кадимкидей салгылашуу жүрүп турат.

Буга карабастан мындай студиялар ачылып, өнүгүп жатат. Тилекке каршы, вебкаминг ишмердүүлүгүндө аябай көп кыздар иштейт. Албетте, биздин жарандарыбыздын ушундай жол менен акча таап жатканы өкүндүрөт. Ак эмгек менен акча тапса жакшы болмок. Бирок бизде бардык жакта ушундай хаос болуп жаткандыктан мамлекет бул нерсени колго алууга же легалдаштырып, же болбосо күрөшүүгө чамасы жетпейт", - деген депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: